ӨКМге Бишкек-Ош унаа жолунун Капчыгай тилкесинде Кара-Суу суусуна «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруучулар тартылып, унаанын айдоочусу 1991- жылы туулган С.Б. унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп берген.
Бактыга жараша айдоочу жеңил жаракат алган.