Атайын кызматтагы аскерди айдоочу кылып дайындап алган, деген жүйөө менен ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев билдирди.
Анын айтымында, Асанов эч кандай буйругу жок эле аскерди жанына алып алган. Учурда тергөө жүрүп жатат деп кошумчалады.