Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы камакка алынды (Видео)

Автор -
284

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу КСДП мүчөсү Кундуз Ажыбекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Канат Сагымбаевди Кызыл-Аскерде жайгашкан Бишкек гарнизонуна алып кетишти.

[ads-quote-center cite=’деп жазды КСДП мүчөсү.’]«Азырынча кызматтык укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, массалык башаламандык, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу жана адам өлтүрүү боюнча шектүү катары 48 саатка камакка алынды. Мындай айтканда, болгон берененин баарын илип коюшту»[/ads-quote-center]