Чек арада жабыркаган 5 адамга операция жасалат

Автор -

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 адам КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Алардын абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, 3 жаракат алгандардын оор абалына байланыштуу Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон жок жана аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү