Депутат: Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди кызматтык этикага үйрөтүшү керек

Автор -

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн жарандар менен иштерүү багытында семинарларды өткөрүп, аларды адамдарга кичипейил, маданияттуу мамиле жасоого, кызматтык этикага үйрөтүшү керек. Анткени, айрым бир мамлекеттик кызматкердин жарандарга жасаган орой мамилеси бүтүндөй бир мамлекеттин абыроюна доо кетирет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди депутат.’]«Жарандардан мамлекеттик кызматкерлердин орой мамилеси тууралуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Кыйынсынып дөөгүрсүгөн айрым кызматкерлер аларга орой мамиле жасап, кагып-силкип, сөгүп-сагып мекемеден кууп чыгат экен. Ырас, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы төмөн, бирок алар дал ошол жарандардын каражатына жашап жатканын эгерим эстен чыгарбашы керек»[/ads-quote-center]