Депутат: Жайыттарды сактоо маселеси ушул темпте кете берсе, бара-бара деградацияга учурайт

Автор -
219

Кечээ, 25-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Анын айтымында, мыйзам долбоору КР Бюджеттик кодекс менен Жайыттар жөнүндө мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыктарды жок кылууга багытталган. Ага ылайык, жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга көзөмөл кылуу, мыйзамдардагы түшүнүктөрдү бирдейлештирүү максаты коюлган. Маселен, жайыттар үчүн «акы төлөө» түшүнүгү «жыйымдар» деген түшүнүккө алмаштырылууда. Жайыттар үчүн жыйым жыйноонун конкреттүү мөөнөттөрү аныкталууда.

Жүргүзүлгөн жайыт реформасына байланыштуу жайыттарды башкаруу түп-тамырынан бери өзгөрүлгөн. Андыктан, ар кандай кайчы пикирлер чыкпашы үчүн Жер кодекси менен «Жайыттар жөнүндө» мыйзамы бири-бирине шайкеш келтирилүүдө. Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен «жайыттарды жакшыртуу», «жайыттарды үстүртөн жакшыртуу», «жайыттарды түп-тамырынан бери жакшыртуу», «маданий жайыттар», «тоют өсүмдүктөрү», «шалбааландыруу» деген түшүнүктөр киргизилүүдө. Ошондой эле жайыттардагы малдын басымдуу деӊгээлин аныктоо тартиби боюнча жобо, жайыттардын абалы менен сапатын баалоого мониторинг жүргүзүү методикасынын тартибин аныктоо, жобо, жолдомо, эрежелер боюнча укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу КР Өкмөтү тарабынан бекитилүүсү сунушталган.

Талкууда депутат Абдимуктар Маматов тиешелүү мыйзамдагы жайыт жерлери 5 жылда бир жолу реабилитациядан өтүп турушу керек деген ченем аткарылбай жаткандыгын тактап, аткаруу бийлигин жайыттарды сактап калуу боюнча иш-аракеттерди көрүүгө чакырды. Бир катар депутаттар жайыттарды бүгүнкү күндөгү акыбалына, учурда ижарага пайдаланууга берилген мөөнөтү аяктап, талашка түшкөн жайыттардын маселелерине токтолушту. Депутат Аалы Карашев жайыттарды сактоо маселеси ушул темпте кете берсе, бара-бара деградацияга учурап, мал багуу кыйынга учурай тургандыгын эскертти.

Соӊунда сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.