Кытайда кыргыз элинин маданиятын кантип бапестейт

Автор -

Кыргызстандын Эсеп палатасы 2017-жылы республиканын ири музейлерин текшерип, мамлекеттик тарых музейи менен М.Фрунзе атындагы муйзейден 600тѳн ашуун экспонат жоголуп кеткенин аныктап, чоң чыр чыкканы эсиңиздедир. Тилекке каршы, Кыргызстандын маданий жана тарыхый эстеликтерин сактагандын ордуна, тийешелγγ мамлекеттик система кылмыш ишинен башы чыкпай калды.

Кыргызстандын мындан башка да кѳйгѳйγ аз эмес. Маселен, каражаттын жетишсиздигинен ѳлкѳдѳ маданий баалуулуктарды жанырткан адистер жокко эсе. Мына ошондон улам 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Тарых жана маданият эстеликтерин сактоо боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Дуньхуан академиясы тарыхый жана мадания мурастарды ѳнγктγрγп, сактап жана иликтѳѳ боюнча долбоорун ишке ашыруу меморандумуна кол коюшкан.

Бул меморандум Улуу жибек жолунун кыргыз бѳлγгγдѳгγ архитектуралык эстеликтерин сактоого жардам берет. Ошондо биз Кытайдын ѳзγндѳ маданий жана тарыхый мурастарга кандай мамиле жасаарын билели дедик.

Маданиятты коргоо – ѳзγңдγ коргоо

1982-жылы Кытайда атайын «Байыркы тарых жана маданият эстеликтерин сактоо жѳнγндѳ» мыйзамы жана Байыркы тарых жана маданият эстеликтерин сактоо жѳнγндѳ мыйзамын ишке ашыруу жобосу кабыл алынган. Кытайдын Маданият министрлиги отуздан ашуун эреже иштеп чыгып, алардын арасында Маданий эстеликтерди коргоону башкаруу эрежеси да кирген. Мындан тышкары КЭР Маданий баалуулуктардын менчигин мыйзамсыз берγγ, алып чыгуу же алып кирγγнγ алдын алуу жана тыюу салуу жѳнγндѳ конвенциясы менен Дγйнѳлγк маданий жана табигый мурастарды коргоо жѳнγндѳ конвенциясына кошулган.

Кытайда мамлекет жана ЮНЕСКОнун коргоосу алдында дγйнѳлγк мурастын 45 объектиси турат. Алардын 31и маданий критерийлерге кирип, ону – табигый дана тѳртѳѳ аралаш. Байыркы эстеликтерди коргоо боюннча Кытац Италия менен Испаниядан кийин γчγнчγ орунда турат. КЭРнын атактуу эстеликтери болуп – Улуу кытай дубалы жана Синьцзянь-Уйгур автономдуу облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын кытай бѳлγгγ. Калгандары анчалык деле таанымал эмес, бирок Кытай жана дγйнѳ жγзγндѳ зор коргоого алынган.

Кызыгы, Кытайда бир негизги эреже бар: эстеликтерди коргоо – бул аларды калыбына келтирγγ гана эмес, аларды сактап калуу γчγн атайын чѳйрѳ тγзγγ. Маселен, Шаньси провинциясындагы Пинъяо аттуу эски шаарда бийлик башчылары кокс мештерин, тγтγн чыкчу тγтγктѳрγ менен техникалык аспаптарды бузуп салган, алар аспаптар шаардагы архитектуралык эстеликтердин кейпин бузуп жатат дешти. Тарыхый объектилерге климаттык шарт тγзγγ максатында кытайда атайын токой ѳстγрѳт. 2005-жылы иштей баштаган байыркы ири эстеликтерда сактап калуу боюнча мамлекеттик пландын алкагында борборду бюджеттен маанилуу маданий жана тарыхый баалуулуктарды коргоого 250 миллион юань бѳлγнгѳн.

Былтыр Кытайда кыймылсыз маданий баалуктар боюнча γч жалпы улуттук каттоо жана кыймылдуу баалуктар боюнча бир каттоо болуп ѳттγ. Синьцзянга кайтаск, кытай адистери ал жерде 9 миң 542 маданий жана тарыхый мааниге ээ объектини табып, анын алты объектиси дγйнѳлγк маданий мураска киргизилген. Мындан тышкары автономияда ѳзгѳчѳ коргоого 113 объекти алынып, 558 объекти автономдук райондун коргоосунда. 11 жыл мурун Синьцзянда маданий баалуулуктардын саны 4 миңге жеткен.

СУАРда маданий мурастын 93 музейи бар, ал жерде 450 миң буюм сакталат. Мындан тышкары, бул жерде мамлекеттик мааниге ээ болгон 5 белгилγγ тарыхый-маданий шаар, 3 кыштак, 4 айыл, 2 квартал, жана 17 салттуу айыл, аз сандуу улуттар γчγн 22 айыл жайгашкан. Кѳп жыллдар бою кытай ѳкмѳтγ Синьцзяндагы маданий жана тарыхый эстеликтерди оңдоп чыккан. Аларын арасында – беделдγγ тарых окумуштуулары жана археологдор Гаочан жана Бэйтин аттуу эски шаардардагы эстеликтерди изиллдеп чыккан. Ошентип, Синьцзянда 3 миңден ашуун баалуу маданий эстеликтерди сактап калышкан.

Борбордук ѳкмѳт мамлекет менен автономдук райондун коргоосунда турган маданият эстеликтерин оңдотуу γчγн СУАРга атайын акча бѳлγп берген. Синьцзян администрациясы мындан тышкары бул кѳп конфессиялуу райондогу 28 жайыды оңдотуп берген. Ошентип диний чѳйрѳдѳгγ эстеликтер да унутта калган жок. Аймактын жашоочулары ислам, буддизм, христиан, католик, даосизм жана православ диндерине ишенет. Бул диндер мыйзам тарабынан корголуп, СУАРда биний салт-санааларга тоскоол кылгандар жазага тартылат.

Ырдагы аруу жан

Кытайдагы руханий мурас коргоого алынган. 2011-жылы КЭРда «Материалдык эмес маданий мурас жѳнѳндѳ» мыйзамы кабыл алынган. Анын экинчи беренесинде мындай делген:

«Бул мыйзамдагы материалдык эмес маданий мурас болуп – муундан муунга берилγγчγ элдин маданий мурасынын негизи болгон салттуу маданияттын тγрγ, салттуу маданияттын тγрγнѳ байланыштуу материалдык баалуулуктар жана жайлар кирет, ага:

1) оозеки салттар жана материалдык эмес маданий мурасты алып жγрγγчγ тил;

2) каллиграфия, музыка, бий, театр, акробатика, чечендик жана башка искусствонун тγрγ;

3) салттуу кол ѳнѳрчγлγк, медицина, жыл эсебин жγргγзγγ тγрγ;

4) салттуу жѳрѳлгѳлѳр, майрамдар;

5) спорттун салттуу тγрлѳрγ;

6) жана башка материалдык эмес маданий мурастар…».

Кытайда жашаган ар бир элдин материалдык эмес маданий мурасын (эпосторун, ырларын, бийин, жомокторун) пайдаланууда алардын тγрγн жана мазмунун урматтоого чакырат бул мыйзам. Анын 6-беренесинде мынтип жазылган: «Эл ѳкмѳтγ улуттук экономиканы ѳнγктγрγγ планына материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана сактап калуу ишин киргизиши керек, жана аларга кеткен чыгымдарды да бюджетке салыш керек».

Синьцзянда элдик оозеки чыгармачылыкты сактап калуу γчγн долбоорлор иштелип чыккан. Жалпы жолунан 297 долбоор бар, анын 17-си кыргыз. СУАРда баардык улуттук майрамдарды белгилешет. Калмактардын «Джангар», монголдордун «Гесер» жана кыргыздардын «Манас» эпостору ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас тизмесине киргизилип, кытайда уйгурлардын «Ребия менен Зейдан», «Пархат менен Ширин» эпостору сыйкатуу урматталат. Алар кытай тилине да которулган. КЭР тγптѳлѳѳр алдында уйгурлардын «12 мукам» аттуу поэмасы жоголуп кете жаздаган. Коммунистер жеңгенден кийин 1951-жылы Синьцзян «12 мукамды» сактап калууга жаткан чыгарма катары таанылган. 1955-жылы мукамдар толугу менен кѳчγрγп жазылып, 5 жылдан кийин басма сѳздѳн чыгарылган.

Yрγмчγдѳ Жусуп мамайдын айтуусундагы «Манастын» 8 тому чыгарылган. Ага «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим», «Сейит», «Асылбача-Бекбача», «Сомбилек жана «Чигитей» кирген. Или менен Кызылсуу-Кыргыз автономдук облусунда «Кырк кыз», «эр Тѳштγк» сыяктуу эпостор жана кыргызстанда белгисиз дастандар кенири таанымал.

Кытайдын кыргыздары арасында жазуучу, акын, композитор, артист жана окумуштуулары бар. 1957-жылдан бери СУАРда «Кызыл-Суу кыргыз гезити», ал эми 1981-жылдан тарта «Синьцзянская кыргызская литература» журналы чыгарылат.

Ошентип, ѳлкѳнγ ѳнγктγрγγ эрки жок болсо, эч кандай акча жардам бербейт.

Замир Муратбек уулу

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү