Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

Автор -

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-октябрда саат 9.00дөн 17.00гө чейин «Тоголок Молдо» суу топтомо жайындагы жана шаар ичиндеги түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу Логвиненко, Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси жана темир жол менен чектеш аймактарда таза суу берилбейт.

Таза суу өчө турган аймактар: 

— № 70 мектеп-гимназиясы;

— № 47, № 115, № 184 бала бакчалар;

— № 6 төрөт үйү;

— «Билим Кенчи», «Абитуриент плюс» жеке мектептери;

— Бишкек техникалык колледжи;

— № 1 стоматологиялык бейтапканасы;

— Асаналиев атындагы Тоо-кен институту;

— «Бета-Сторес 1» соода борбору;

— Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору;

— Улуттук госпиталь;

— «Пром Проект» ААКсы;

— Ардагерлер бейтапканасы;

— Мамлекеттик салык кызматы;

— «Кыргызпочтасы» ишканасы;

— БУУ үйү;

— Тез жардам кызматы;

— Транспорт департаменти;

— Кыргыз коммерциялык банкы;

— «Россия» кинотеатры;

— «Территория SPA» салону;

— «Алтын-Түйүн» балдар академиясы;

— «Развивайка» билим берүү борбору;

— «Карамель» кондитердик ишканасы;

— «Тур-Азия» мейманканасы;

— Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты;

— Бишкек медициналык колледжи;

— Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү