Өзбек-казак чек арасында жүздөгөн автоунаа тыгында турат

Автор -

Өзбек-казак чек арасындагы «Гишт-куприк — Жибек Жолу» өткөрмө бекетинде Өзбекстанга бараткан жүздөгөн автоунаа тыгында калды. Бул тууралуу 25-сентябрда «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Чек арада турган айдоочулар эки суткадан бери Өзбекстанга кире албай турушканын билдиришүүдө. «Кезек күткөн автоунаалар өтө көп. Өзбекстандын чек арачылары жеңил автоунааларды дагы, жүк унааларын дагы өткөрбөй жатышат. Алар адамдар менен сүйлөшүүдөн баш тартып, себептерин түшүндүрүшкөн жок»
деди айдоочулардын бири.

Анын айтымында, айрым айдоочулар чек аранын жабылышына өткөн жумада Орусияга бараткан тажик жарандарынын унаасынан маңзат табылгандыгы себеп болгонун билдиришүүдө.

Азырынча бул боюнча өзбек тарап эч кандай комментарий бере элек.

Казакстандын чек ара кызматы унаа тыгынына тиешеси жок экенин билдирди. Ошол эле маалда мекеменин өкүлү өткөн жумада чек арада ири көлөмдөгү маңзат партиясы кармалганын ырастады.

«20-сентябрда биздин чек арачылар Тажикстандын жарандарына таандык автоунаадан 12 килограмм героин табышкан. Бирок бул окуянын чек арадагы автотыгынга тиешеси бар-жоктугун билбейм»
деди казак чек арачысы.

Быйыл январда өзбек бийлиги аталган чек ара бекети реконструкциядан өткөрүлүп, «күнүнө 40 000 киши өткөрүүгө ылайыкташтырылганын» билдирген. Өзбек тараптын расмий маалыматына караганда, өткөн жылы бул бекеттен жалпысынан 10,183 миллион адам жана 101 миңден ашык автоунаа өткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү