Кыйын болсоӊ таап ал! Таштардын арасында жашынып жаткан кабылан табылбай жатат

Автор -

Интернет тармагында таштардын арасында байкалбай жатып алган кабыландын сүрөтү кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Топурак менен таштын ортосуна мыкты деӊгээлде жашынып алган кабыланды соцтармактын колдоонучуулары таппай убара.

Аталган сүрөт Индиялык сүрөтчү тарабынан тартылып, аны аз убакта миӊден ашуун адамдар жактырып, бөлүшүүгө жетишишкен.

Сүрөттү интернет колдонуучулар бир-бирине жөнөтүп, кадрдагы кабыланды табууга аракет кылышкан.

Сиз да өзүӊүздүн күчүӊүздү сынап, туура жооп камтылган шилтемеге кирбей туруп кабыланды таап көрүӊүз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү