Ноокендеги турак үйдөн чыккан өрттөн 23 жаштагы бала күйүк алды

Автор -

Ноокен районунда турак үйдөн өрт чыгып, 23 жаштагы бала жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Черемушка айылында жалпы аянты 66 ч.м. болгон турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган Э.Н. аттуу эркек жаран 30% күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү