Военно- Антоновка айылында ага-ини балдар дааратканага түшүп кетип каза болушту

Автор -

Сокулук районунун Военно- Антоновка айылында ага-ини балдар дааратканага түшүп кетип каза болушту. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык,  28-сентябрь күнү 7 жаштагы бала кошунасынын дааратканасына түшүп кетип, аны 7-класста окуган агасы куткарууга аракет кылып, кошо кулаган. Даараткана өтө терең болгондуктан өспүрүмдөр чоңдор тараптан жардам болгонго чейин дем жетпей каза болушкан.

Жерине ӨКМдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдардын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү