Андрей Малахов кыргыздардан кыргызча сүйлөп кечирим сурады (Видео)

Автор -
323

Россиянын журналисти Андрей Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады. Кечээ ал «Прямой эфир» берүүсүндө өзүнүн жана телеканалдын атынан кечирим сурады.

[ads-quote-center cite=’деди Малахов ал берүүнүн аягында.’]«Мени бүгүн Россия жана Кыргызстандын тургундарын угуусун каалайм. Эгер бирөөнү кокустан таарынтып алган болсом, кечирим сурайм. Биз баардык көрүүчүлөрүбүздү сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар»[/ads-quote-center]

Белгилей кетсек, 24-сентябрь күнү Орусиянын «Россия 1» телеканалында белгилүү телеалпаруучу, шоумен Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына кыргызстандык Исламбек Акбаров аттуу таксист күнөөлөнүүдө.

Андрей Малахов кыргызстандык айдоочуну киши өлтүрүүдө айыптады (Видео)