Бишкек шаарына качан жылуулук берилери маалым болду

Автор -

Бишкекте жылуулук сезону ноябрь айында башталат. Бул тууралуу «Апрель» Бишкек ЖЭБ директору Андрей Воропаевге шилтеме берип билдирди.

Маалыматка таянсак, учурда ЖЭБдин кампасында 130 миң тонна көмүр бар. Анын 119 миң тоннасы Кара-Кечеден, калган 11 миң тоннасы Казакстандан алынып келинген.

«Ташып келүү графикке ылайык аткарылууда. Күзгү-кышкы мезгилдин башталышында 200-220 миң тонна көмүр керектелет. Октябрда абанын температурасы орточо 10 градустан жогору жылуу болот. Мындан улам жылуулук сезону ноябрдын башында башталат»
деди Андрей Воропаев

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү