Искендер Матраимов: Саясатта биз менен күрөшүшсүн, балдарга тийишпесин!

Автор -
338

Депутат Искендер Матраимов жээнинин атынан тараган соцтармактагы билдирүү боюнча 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди.

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганынын айтымында, анын жээни соцтармактын колдонуучуларына жооп бериши мүмкүн эмес.

[ads-quote-center cite=’деди Искендер Матраимов.’]«Кыз 18 жашка гана чыкты. Ал болгону залды ижарага алып туулган күнүн өткөрдү. Ага 3-4 курбусун чакырды. Муну эмнеге жактырбай жатышат? Бүгүн болсо фейк жаңылык жарыялашты. Кыз депрессияда жүрөт, үйдөн чыккан жок. Мындай убакта ким жазат? Саясатта биз менен күрөшүшсүн, балдарга тийишпесин. Жооп жазды дегендерге мен 100 пайыз кепилдик менен ал кыз өзү жазган жок деп жооп берем»[/ads-quote-center]

Эске салсак, бүгүн интернетке Назик Матраимованын билдирүүсүнүн скриншоту тараган. Ал жакынкы күндөрү 18 жашын Бишкектеги Hyatt Regency Bishkek мейманканасында белгилеп, коомчулук аны кызуу талкууга алышкан.