Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2019-жылдын2-октябрындасаат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.