Депутат: Өкмөт жалаӊ пиар менен алектенип калды, мындай жосунду токтотуш керек

Автор -

Улам жаӊы мектептердин пайдубалы түптөлүп жатканына карабастан, Өкмөт Мектептерди куруу жаатындагы көйгөйлөрдөн дагы эле арыла албай келет. Мисалы, Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектептин жаӊы имаратынын курулушу 60-70 пайызга бүтүп калган, азыр эмнегедир токтоп калды. Ушу кантип болсун. Бул тууралуу депутат Айнура Аскарова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады депутат.’]«Өкмөт улам бир мектептин курулушун баштап коюп, баштагысын таштап коюп, жалаӊ пиар менен алектенип калды. Мындай жосунду токтотуш керек. Азыр алардын аягына чейин чыгарылар-чыгарылбасына ишеним болбой калды. Андан көрө курулушу мурда башталган мектептердин имаратын адегенде аягына чейин бүтүрүп, анжан кийин жаӊысын баштабайсыӊарбы. Ошондо биз балдарды окутууга даяр мектептарга ээ болот элек»[/ads-quote-center]