Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, келишимге ылайык, Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.
Депутат Бакирдин Субанбеков баарыдан мурда таза суу булактарынын тазалыгын сактоо зарылдыгын билдирди.
Депутат Тариел Жоробеков ушул долбоор толугу менен ишке аша турган болсо, Талас облусунун баардык айылдары таза суу менен камсыз болор-болбосуна кызыкты.
Департаменттин директору бул долбоордун алкагында бир топ айыл таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин белгиледи.
Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев департаменттин директорунун мындан бир топ жыл мурун 50 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт деген убадасын эске салып, Аманбаев айылы ушул кезге чейин толук көлөмдө каржыланбай келатканын баса белгиледи.