Иракта жапырт башаламандыктан 20дан ашык адам өлдү

Автор -

Иракта өкмөткө каршы митингдер учурунда бери дегенде 21 киши өлдү, жүздөй адам жаракат алды. Associated Press агенттиги билдиргендей, курман болгондордун арасында карапайым жарандар менен катар полиция кызматкерлери да бар.

Полиция демонстранттарга ок атуучу курал, көздөн жаш агызган газ колдонду. Ирактын борбору Багдадда коменданттык саат киргизилди. Бийлик интернетке бөгөт койду.

Ирактагы нааразылык акциялары эки күн мурун башталган. Ал башаламан мүнөзгө ээ. Бир нече шаарларда демонстранттар коррупцияга, жумушсуздукка жана суунун улам-улам өчүрүлүп жатышына каршы чыгышууда. Социалдык түйүндөрдө өкмөттүн отставкасын талап кылган чакырыктар да орун алууда.

Бөлүшүү