Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Автор -

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Биринчи вице-премьер-министр эске салгандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

«Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейдик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда»
деп билдирди министр.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

«Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон таасири баа жеткис. Чыгаан инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү бардыгыбыз үчүн үлгү болуп саналат. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүндө чыныгы мекенчил жана анык мамлекеттик ишмер катары элине кызмат өтөдү. Ушундан улам биз Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык маарекесин эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө тийишпиз»
деп белгиледи ал.
Бөлүшүү