Өкмөт Ирактагы кыргыз жарандарын-балдарын алып келүү маселесин иштеп чыкты

Автор -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ирак Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын-балдарын  алып келүү маселесин иштеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында Ирак Республикасынын пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар өз ара кызматташып, иш алып барууда.

Ирак Республикасынан жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумуш топ түзүлдү. Жакынкы арада жумуш топ тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды.

Мекемелер аралык жумуш топ тийиштүү квалификациялуу адистерди, психолог жана теологдорду тартуу менен  балдарды калыбына келтирүү жана кайра интеграциялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты.

Мындан тышкары Сирия Араб Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын турган жери тууралуу маалыматтарды жана алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан балдарды өлкөгө алып келүү боюнча уюштуруу иштериндеги бардык маселелер каралып чыкты. Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана Ирак Республикасынын расмий бийлиги менен сүйлөшүүлөр Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухеммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.

«Балдарды алып келүү боюнча маселеге жардам берүүгө, колдоого даярдыгын билдирген көңүл кош карабаган жарандарга ыраазычылык билдиребиз. Бул маселени саясатташтырбоого чакырат элек. Балдарды кайра алып келүү боюнча Ирактын расмий бийлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башка түзүмдөр мындан ары балдарды кайра калыбына келтирүү жана көндүрүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө»
деп белгиледи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.
Бөлүшүү