Бишкекте окуучу автобустун дөңгөлөгүнүн алдында калып, жан берди

Автор -

Бишкек шаарындагы Күн-Туу айылында жол кырсыгынан 5-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу  Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:00дө окуучу №18 автобустун арткы эшигинен түшүп жатканда анын бир буту автобустун эшигине кыпчылып калган. Айдоочу баланы байкабастан, автобусту айдап жөнөгөн.

Кырсыктын кесепетинен бала дөңгөлөк алдында калып, окуя болгон жерде каза болгон.