«Гагарин» менен «Түштүк-Батыш» суу тосмолорунда оңдоо иштери боло тургандыктан 10-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев жана Космос көчөлөрүндө таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Таза суу төмөнкү даректерде жок болот:
- №131, 118 бала бакчалар;
- №55, 25 орто мектептер;
- Ленин районундагы билим берүү борборунда;
- Жумушчулар шаарчасында;
- Дыйканчылык институтунда;
- Ленин районунун аскер комиссариатында;
- №47 колонияда;
- Ак-Ордо конушунда;
- «Яшар» фирмасында;
- «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын буу казанында;
- №5 мончо;
- «Кока-Кола Бишкек Боттлерс»;
- «Тамга Таш ЛТД»;
- «Лина» фирмасында.
Эскерте кетсек, суу өчкөн мектептер менен бала бакчалар ошол күнү иштебейт.