Бишкектин айрым аймактарында 10-октябрда таза суу жок болот

Автор -

«Гагарин» менен «Түштүк-Батыш» суу тосмолорунда оңдоо иштери боло тургандыктан 10-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Жунусалиев, Чайковский, Айни, Лев Толстой, Садырбаев жана Космос көчөлөрүндө таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Таза суу төмөнкү даректерде жок болот:

  • №131, 118 бала бакчалар;
  • №55, 25 орто мектептер;
  • Ленин районундагы билим берүү борборунда;
  • Жумушчулар шаарчасында;
  • Дыйканчылык институтунда;
  • Ленин районунун аскер комиссариатында;
  • №47 колонияда;
  • Ак-Ордо конушунда;
  • «Яшар» фирмасында;
  • «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын буу казанында;
  • №5 мончо;
  • «Кока-Кола Бишкек Боттлерс»;
  • «Тамга Таш ЛТД»;
  • «Лина» фирмасында.

Эскерте кетсек, суу өчкөн мектептер менен бала бакчалар ошол күнү иштебейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү