Орусияда кыргыз жарандары катышкан массалык мушташта, 4 адам каза болду (Видео)

Автор -
693

Орусиянын Новосибирск шаарындагы базарда кыргыз жарандары катышкан мушташ болду. Бул тууралуу «Апрель» чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуянын тасмасын «Вести» каналы көрсөткөн.

Тасмада беткап кийген адамдар базарда иштегендер тарапка тапанчадан ок чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Новосибирск облусунун милициясы Хилокс базарынын аймагындагы массалык мушташ болуп, атышуунун кесепетинен бир адам жабыркаганы тууралуу маалымат таратты. Мекеменин билдиришинче, мушташ эки топтун адамдарынын ортосунда чыккан. Ал эми тапанчадан окту урушту токтотуу үчүн келген аймактык тескөөчү чыгарган.

«Чырдын себеби катары ар кандай божомолдор айтылууда. Окуянын күбөлөрү мушташ соода орундугу үчүн төлөнбөгөн ижара акысынын айынан дешсе, айрымдары башка себептерди айтышууда. Ошондой эле окуянын жабырлануучулары тууралуу да ар кандай кептер тарап жатат. Жергиликтүү тургундар атышуудан 4 адам каза болду дешти. Башка күбөлөр жети адам жаракат алганын айтышты. Видеодон белгисиз адамдардын куралчан жүргөнүн, унаалардын өрттөнгөнүн көрүүгө болот»
деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып, иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Бөлүшүү