Кундуз Жолдубаеваны дагы суракка чакырышты

Автор -
Кундуз Жолдубаева

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн саат 12:00гө суракка чакырышты. Бул туурасында Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Криминалдык милиция бүгүн саат 12:00гө суракка чакырган кагаз алып келиптир. Бирок ага карабай, тез арада Башкы тергөө башкармалыгына баруумду талап кылып жатышат. Анда чакыруу кагазы керек беле?»
дейт КСДП мүчөсү.

Бөлүшүү