Орусияда «Фергана» агенттигинин сайтына коюлган чектөө алынды

Автор -

Роскомнадзор 1-октябрда бөгөт коюлган «Фергана» маалымат агенттигинин сайтын тыюу салынган маалыматтарды камтыган ресурстардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу агенттиктин башкы директору Даниил Кислов билдирди.

Анын айтымында, басылма сайтка бөгөт коюуга Кыргызстанда пенсионердин өз жанын кыйгандыгы тууралуу макала себеп болгонун аныктаган.

Башкы редактор Мария Дубнова редакция ал макаланы өчүрүп, бул тууралуу Роскомнадзорго кабар бергенин айтты. Ал алгач мекеме кайсыл макала боюнча дооматтары бар экенин айтпастан эле сайтка дароо бөгөт койгонун билдирди.

Орусияда каттоодон өткөн «Фергана» агенттиги Борбор Азия мамлекеттерине байланышкан макалалар менен баяндарды жарыялайт. Буга чейин сайтка ар кандай себептер менен түрдүү өлкөлөрдө бөгөт коюлган.

Бөлүшүү