Жол боюндагы түркүктү сүзгөн. Түндө 21 жаштагы жигит каза тапты

Автор -

Бишкекте 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.

Окуя  Чүй проспектиси менен Достоевский көчөсүнүн кесилишинде болгон. Рулду башкарып бара жаткан 21 жаштагы жигит жол боюндагы темир түркүктү сүзүп, алган жаракаттарынан каза тапкан.

Ушу тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү