Чикагодо кыргыз жигити үйлөнүү тоюн кемеде өткөрдү (Видео)

Автор -
1060

Американын Чикаго шаарында кыргызстандыктар үйлөнүү үлпөт тоюн кемеде өткөрдү. Тойдун видеосун журналист Гүлайым Мурзаева өзүнүн Youtube баракчасына жүктөгөн.

Маалыматка таянсак, Чикаго шаарында кыргыздардын үйлөнүү тою биринчи жолу кемеде өттү.

[ads-quote-center cite=’деп билдирет журналист.’]«120 дан ашуун конокту той ээси бир кеменин ичинде сыйлады. Саат 5 те ордунан жылган кеме, кайрадан 10: 30дарда кайтып келди. Кызыгы кемеде той болгондо, көпчүлүк адамдардын баштары айланбай койгон жок. Толкун болгон сайын, кеме да кыймылдабай койбойт экен. Дагы бир кызык жери ресторан, кафелерде той болгондо той башталгандан 30 мүнөттөн кийин ресторандын жарымы сыртка чыгып кеткен болот. Көпчүлүгү ызы-чууга чыдашпайт, кээ бирөөсү тамеки чегүү үчүн, кээ бирөөсү таза аба үчүн, айтор берчүсүн берип эрте эле кетип калганы да жок эмес. Ал эми кемеге түшкөндүн жаны бир демекчи, бул тойдо келген коноктор баары чогуу кетип, кайра чогуу келишти» [/ads-quote-center]