Депутат: Бишкекте автотыгындардын арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда

Автор -

Ордо калаадагы экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп барат. Азыр жалбырактар өрттөлүп, мончолорго пластик бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдү сапатсыз көмүрлөр пайдаланууда. Экологдор алардын баарын көзөмөлгө алышы зарыл. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди депутат.’]«Бишкекте айрыкча автомашиналардын көбөйүшү, көчөлөрдөгү автотыгындардын кыйла арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда. Ошондуктан, автомашиналардан чыккан уулуу заттардын ченемин өлчөгөн мекемелердин жетекчилери бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш»[/ads-quote-center]