Депутат: Бишкекте автотыгындардын арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда

Автор -

Ордо калаадагы экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп барат. Азыр жалбырактар өрттөлүп, мончолорго пластик бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдү сапатсыз көмүрлөр пайдаланууда. Экологдор алардын баарын көзөмөлгө алышы зарыл. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Бишкекте айрыкча автомашиналардын көбөйүшү, көчөлөрдөгү автотыгындардын кыйла арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда. Ошондуктан, автомашиналардан чыккан уулуу заттардын ченемин өлчөгөн мекемелердин жетекчилери бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш»
деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү