Ош шаарында жаңы парк ачылды

Автор -
411

Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Ак-Ниет» паркынын ачылыш салтанатына катышты.

«Бардыгыңыздарды үч миң жылдык тарыхы, бай маданияты жана өзгөчө чөйрөсү бар Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Ош шаары – республикалык маанидеги шаарлардын ичинде чоңдугу боюнча экинчи орунда туруп, экинчи борбор калаа катары аталуу укугу бар. Шаар географиялык жана стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан. Акыркы мезгилде шаарда заводдор жана фабрикалар, башка өндүрүштүк объекттер курулуп жатат. Бул кубандырарлык факт. Оштун көрүнүшү да өзгөрүүдө, жаңы кооз имараттар жана парктар ачылууда. Ош аэропорту инфраструктурасын жакшыртты. Шаар өзүнүн тургундары үчүн идеалдуу болуп, анда ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек: бала бакча, мектеп, эс алуу парктарынын саны көп болушу абзел. Оштун гүлдөп-өсүүсү, бай тарыхтуу шаардын экономикасынын кубаттуулугу жана өнүгүүсү мамлекет үчүн маанилүү»
деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал жаңы парк Ош шаарынын жашоочулары жана меймандары үчүн жакшы көргөн жайга айланарына ишеним билдирди.

Премьер-министр ошондой эле Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын алкагында планга Ош шаарынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар киргизилгенин белгиледи. Аларды ишке ашыруу Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү