Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңешеги КСДП парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгү жөнүндө маселени карады. Депутат Аалы Карашев аталган агенттиктин жетекчиси Бекжан Супаналиевдин жыйынга даярдыгы жок келгенин сынга алды.
АРИСтин негизги милдети кедейчиликти жоюуга багытталганын белгилеген Карашев 2003-жылдан бери кедейчиликтин саны канча пайызга азайганын жана каражаттар кандай максатта жумшалып жатканын сурады. Бирок агенттиктин жетекчиси так жооп бере алган жок.
Мындан улам Карашев: “Кеткен каражаттын так эсеби болушу керек. Керек болсо, ар бир тыйынга жооп беришиңер керек. Сиздин бул кызматка келгениңизге дээрлик бир жыл болуптур. Ушуга өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз. Мындай даярдык болбойт. 15 киши менен ээрчишип келиптирсиңер. Булар менен так жооп беришиңер керек. Анан Иса Шейшенкулович, фракциядан сунуш берип АРИСтин башкаруу системасын жаңылашыбыз керек. Байкоочу кеңешке отчётту берип коёшат. Байкоочу кеңеш деле мурдагыдай таасир бере тургандай болбой калды. Ошондуктан көзөмөл кылууга жана жыйынтыгына жооп берүүсү үчүн жаңы механизмдерди киргизүү зарыл”, — деген пикирин айтты.
Ошондой эле Карашев агенттиктин кызматын көрүп жаткан коомчулук дагы алардын ишине өз баасын берүүсү керектигин айтты.
«Ошону менен бирге, коррупциялык тобокелчиликтин алдыналуу, жумшалган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чаралары иштелип чыгышы зарыл. 205 миллион доллар – калк турмушун жакшы жагына өзгөртө турган өтө чоң каражат, ошондуктан анын отчёттуулугу болуш керек», — деди ал.