Канат Сагымбаев Алга Кылычев менен беттешүүдөн баш тартты

Автор -

Канат Сагымбаев КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев менен беттештирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочу Бакытбек Автандил уулуна шилтеме берип билдирди.

Анын айтымында, Канат Сагымбаев тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр, бирок анын катышуусунда иш-чара өткөрүлө элек.

«Тергөөчү Канат Сагымбаевге экспертиза дайындалганы тууралуу токтомду берди. Бирок, коргоо өкүлдөрүнө кандай экспертиза жүргүзүлгөнүн айтышкан жок. Буга чейин Канат Сагымбаев күбө катары өткөн. Жаза процессуалдык кодекстин нормасына ылайык, ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү бергенде эле экспертиза жүргүзүү керектиги тууралуу кабар берилиши керек болчу. Бирок, андай болгон эмес»
деп билдирген жактоочу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү