«Электр станциялары» ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдингдин» маалымат кызматынан билдиришти.
Жөөтуманов 39 жашта болчу, артында төрт баласы калды. «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, анын өлүмүнүн болжолдуу себеби — жүрөк оорусу (кандын уюшу менен байланыштуу).
Жөөтуманов капиталдык курулуш жана инвестициялык долбоорлоо маселелери боюнча орун басарлык кызматка ушул жылдын 13-сентябрынан бери иштеп келе жаткан.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында «Электр станциялары» ишканасынын директору Аскар Эшимбеков дагы көз жумган.