Кыргызстандык «калькулятор-бала» «Удивительные люди» шоусунда баарын таң калтырды (Видео)

Автор -
404

Бишкектен барган 12 жаштагы Арсен Рахымбеков россиялык «Удивительные люди» шоу учурунда баарын таң калтырды.

Көрсөтүү кечээ, 20-октябрда «Россия-1» телеканалында эфирге чыккан. Кыргызстандык окуучу он орундуу сандарды 18 секундда кошуп, көрүүчүлөрдү айран таң калтырды.

«Мен эсепти аябай бат чыгарган бир баланы көрүп, шыктанып калгам. Иним экөөбүз анан менталдык арифметиканы үйрөнүп баштадык. Күн сайын жарышып, көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртып турабыз. Эгер иним болбосо, мындай ийгиликке жетмек эмесмин»
деди Рахымбеков.

Арсен Рахымбеков учурда ал Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде билим алат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү