«Мадина» кафесинин ээсинин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынды

Автор -
366

«Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө шектүүлөр № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме берип билдирди.

Маалыматка таянсак, мындай чечимди Свердловский райондук соту кабыл алды.

[ads-quote-center cite=’деп билдиришти редакцияга.’]«Сот кармалган 4 жаранга карата бөгөт чарасын тандаган. Алдын ала билдирүүгө ылайык, бул кылмышка жалпы 8 кишинин катыштыгы бар. Алардын бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү- 39 жаштагы М.Т.»[/ads-quote-center]

Эске салсак, 37 жаштагы жеке ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылганы маалым болгон.

«Мадина» кафесинин ээсинин өлүмүнө шектелип, 8 адам кармалды (фото)