Сооронбай Жээнбеков Японияга келди

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен  Токио шаарына келди.  Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү