Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт

Автор -

24-октябрда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таза суу саат 9:00дөн 17:00гө чейин  «Ала-Тоо-1» менен «Ала-Тоо-2» кичирайондорунда, Ара-Кол, Батыш, Улук-Тоо, Дмитров, Кызыл-Тоо көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Баса ошол күнү № 82 мектеп, № 43 бала бакча иштебейт.