Бишкекте дүкөндөн кайрымдуулук үчүн чогултулган акча кутусун уурдап кетишти

Автор -
238

Бишкектеги «Ак-Өргө» калктуу конушундагы дүкөндөн кайрымдуулук үчүн чогултулган акча кутусун уурдап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги ШИИББга шилтеме берип билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча арыз 19-октябрда келип түшкөн. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, издөө жүрүп жатат.

«16-октябрда саат 18:00дө дүкөнгө бир кишинин киргени видеого түшүп калган. Ал кутуну ачып акчаны алган соң качып кеткен. Акчанын жоголгонун 3 күндөн кийин гана билишкен»
деп айтылат маалыматта.

Аталган куту дүкөнгө тиешелүү болгон. Анда чогулган акчаны жылына бир жолу карылар үйүнө же интернатка берип турушкан. Жыл сайын 30 миң сомго жакын ачка чогулчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү