Бишкекте киберкоопсуздук боюнча окутуу өтүп жатат

Автор -

Мамлекеттик органдарынын кызматкерлери үчүн кибер окутуу өтүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«Бул окутуунун башкы максаты мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине кибер чабуулдардын жана компьютердик инциденттердин алдын алуу, жооп кайтаруу жана башкаруу боюнча билим берүү болуп эсептелет. Практикалык көнүгүүлөр үчүн катышууларга кибер коркунучтардан коргонууну иш жүзүндө көрүүгө мүмкүндүк берген Cisco компаниясынын Cyber Defense Clinic платформасы колдонулат»
деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чаранын ачылышына КР Коопсуздук Кеңеши, КР өкмөтү, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү чакырылган.

Аталган окутуу КР өкмөтү тарабынан бекитилген “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын жол картасын жана 2019-2023 КР кибер коопсуздук стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын негизинде уюштурулуп жатат.

Бөлүшүү