“Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан 39 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Элдик Медиа өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда белгисиз адамдар жаранды өлтүрүп, сөөгүн багажга салып кетишкен. Маркумдун сөөгү кечээ табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон адам Чүй облусундагы Комсомол айылынын тургуну болгон. Ал үйүнөн аэропортко кеткен бойдон дайынын чыгарган эмес. Сарсанаа болгон иниси аэропорттун милициясына арыз жазган.
Издөө иштери жүрүп, четте токтоп турган унааны текшергенде, багажынан киши колдуу өлтүрүлгөн жарандын сөөгү табылган.
Учурда тергөө жүрүүдө.