Бишкек-Ош жолуна 460 метр галерея курулат

Автор -

Бишкек — Ош жолуна узундугу 460 метрге жеткен галерея курулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Курулуш жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жана жолду кар көчкүсүнөн сактоо максатында ишке ашырылат.

Галерея Чычкан капчыгайынын 246-чакырымына курулат. Долбоор Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги JICA тарабынан каржыланат. Гранттын суммасы 2,74 миллиард сомду түзөт. Башкы подрядчы — япониянын Dainippon-Iwata Chizakijv ишканасы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү