Алтынай Өмүрбекова Кой-Таш айылында жабыркагандардан кабар алды

Автор -
212

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында атайын операциясы учурунда жабыркаган жарандардан кабар алышты.

Ал жабыр тарткан жарандарга квалификациялык медициналык жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, жабыркагандарга медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат, алар бардык керектүү дары каражаттары менен камсыздалган.

Бөлүшүү