Токмокто эгиз уулдардын бирөөсүн чарчап калган ымыркайдын сөөгүнө алмаштырып коюшкан

Автор -
386

Токмокто эгиз уулдарды төрөгөн эненин бир баласы чарчап калды. Бирок буга жаш келин ишенбейт. Себеби, экөөнү тең колуна алып эмизгенин айтат. Ал эми дарыгерлер чарчап калган ымыркайдын сөөгүн өлүкканада деп, ата-энеге көрсөткөн эмес. Бул тууралуу жабыркаган келин кайда барып акыйкат издээрин билбей укук коргоочу Рита Карасартовага кайрылган. Бул тууралуу «eldik.media» жазып чыкты.

[ads-quote-center cite=’деп кат жазган укук коргоочуга. (тексти өзгөртүүсүз берилди)’]” Чүй аймактык ооруканасынан эгиз эки уул төрөгөм, бир жарым суткадан кийин бирөөсүн температура болуп жатат деп алып кетишип, бир сааттан кийин чарчап калды деп коюшту. Эмне болуп чарчаганын сурасак түшүндүрүп бере албай коюшкан. Милиция чакырып дагы баланы ала албай койдук. Ошо менен мен баланы көрбөй калдым, моргдо деп алдап коюшуптур, эртеси жолдошума баланы больницанын ичинен эле алып чыгып беришиптир. Эмне болуп чарчаганын билели деп вскрытияга бергенбиз. Корутундуда ичтен өлүк төрөлгөн бала болуп чыкты, менин балам тирүү төрөлүп, эмчек эмип жанымда жаткан. Бизге берген бала менен менин баламдын рост, вес, окружность головы, окружность груди баары тең дал келген жок. Ошонун баарын көрүп билип туруп, биздин милициялар эч чара көрбөй жатышат барбаган, кайрылбаган жерибиз калган жок»[/ads-quote-center]

Жаш эненин айтымында анын баласын аборт кылынган балага алмаштырып салышкан. 8 айдан бери чындык таппай жүргөнүн айтып өксүйт. 

Мен жүрөгүм менен сезип жатам балам тирүү, бирөөнүн колунда чоңоюп жатат“,- дейт айласын таппаган эне.