Жигити колун сурады. Ырчы Нэна жакында турмушка чыгат (фото)

Автор -
1162

Дайыма жаркылдаган маанайда менен жүргөн кыргыз эстрада ырчысы Нэнанын жеке жашоосунда жаңылыгы бар. Ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасына сырдуу мырза менен менен түшкөн сүрөтүн жүктөп «Сенин жаныңда…» деген билдирүүсүн калтырып, өпкөн быйтыкча койду. Бул тууралуу «bars.media» билдирди.

https://www.instagram.com/p/B3_eACFnlje/

Аны менен гана чектелип калбастан, колуна кутучадагы шакектин сүрөтүн жүктөп, түбүнө жүрөкчө белгисин коюп, күйөрмандарынын кызыгуусун ого бетер арттырды. Бул жаңылыкты угаар замат бардык интернет колдонуучулар Нэна айымга куттуктоолорго жаадырышты.

Эске салсак, бул окуялар 24-октябрь күнү Нэна “Сенин жаныңда” деген жаңы ырынын клибинин бет ачарын жасагандан соң болду.

Биз да бул тууралуу ырчы менен байланышсак: “Ооба, клибимдин бет ачарында жигитим колумду сурады” деп жаңылыгы менен бөлүштү.