Крокодил итти ээсинин көз алдында жеп койду (видео)

Автор -
Иттерин суунун жээгинде ойнотуп жаткан киши көз көрүнөө бирөөсүн крокодилге жедирип жиберди. Бул убакта ал суу жээгинде аларды телефонго тартып жаткан. Күтүүсүз чыга калган крокодилден 2 ит качууга үлгүрдү, бирөөсүн жырткыч тирүүлөй жутуп алды. Муну көрүп турган иттин ээси кыйкыргандан башка колунан эч нерсе келген жок. Окуя Австралияда болгон.