Соода гегемонизмине сокку: Кытай кантип Американы жеңет

Автор -
321

Октябрь айынын башында АКШ Кытайдын 28 мамлекеттик мекеме жана жеке фирмаларына тыюу салды. Санкциялык тизмеге СУАРдын Коомдук коопсуздук башкармалыгы, ага баш ийген 19 мекеме жана сегиз компания киргизилди. Алардын арасында – видеобайкоо жγргγзγγ системасын жасоочу Hikvision атуу дγйнѳдѳгγ ири компаниясы да бар.

Аларды Синьцзянда этникалык азчылыктын укугун бузуп жатасыңар, деп кγнѳѳлѳштγ. Ага карабастан, 2017-жылдан тарта Синьцзянда дγйнѳнγн булуң бурчунан журналистер, саясатчылар жана укук коргоочулардан турган миңден ашуун делегация келип, СУАРда адам укугун бузган фактылар жок экенине ынанып кетишти.

Жалаң гана саясат

АКШнын Соода министрлигинин билдирγγсγндѳ мындай делет: «санкцияга тγшкѳн объектилерде адамдын укугу бузулуп, мызаймсыз камоолор убагында кыянаттык кылуу, ошондой эле уйгур, казак жана башка мусулмандык азчылык топторуна видеобайкоо жγргγзγγ аныкталган». АКШнын Соода министрлигинин атайын тизмесине кирип калгандарга америкалык бийликтин уруксатысыз америкалык технологияларын импорттоого тыюу салынат.

Hikvision мындай чечимге каршы чыкты. Компаниянын билдирγγсγндѳ, ал бир нече ай мурун, эл аралык мыйзамдардын алкагында иштеп жатканына ынануу γчγн адам укуктары жаатындагы америкалык адисин жалдаганы тууралуу жазылган.

Муну талдайлы: америкалык санкциялар Кытай γчγн ушунчалык эле коркунучтуубу?

Орусияга каршы америкалык санкциялар кѳрсѳтγп тургандай, дγйнѳдѳгγ саясий чечимдер кабыл алынып жатканда экономикалык кесепети эске алынбайт экен. Ал санкциялар «эркин базар» жоктугун кѳрсѳтγп, ошончо жылдан бери америкалыктар Кыргызстанды, койчу, бγт дγйнѳнγ алдап жγргѳнγн кѳрдγк.

Сентябрда АКШ Иран менен соода алакасы бар Кытай компанияларына санкция киргизген. Эми «мусулмандарга каршы репрессия» деген шылтоо менен жок жерден Синьцзянга асылды.

Батышта жана мурдагы СССРде γстγбγздѳгγ жылдын экинчи жарымында Кытай экономикасы 6,3 пайызга ѳскѳндγгγнѳ байланыштуу Кытайга каршы лобби кандай маанай жаратканын эске салалычы. Ошондо тили ачуулар жарым жылдан бери созулуп келе жаткан соода салгылашуусун Кытай АКШга уттуруп салды дешкен. Кытайга каршы чыккан серепчилер мындай далил келтиришет: биринчи кварталда Кытай экономикасы 6,5 пайызга ѳскѳн. Алардын пикиринде, иштин негизи ѳсγγдѳ эмес, 27 жылдын ичинде биринчи жолу жыйынтыктооочу баалоо 0,2 пайызга тѳмѳндѳп кетγγсγндѳ. Натыйжада АКШ президенти Дональд Трамп муну жаңылык катары алып чыгып, Кытай соода салгылашуусун жеңдирип жиберди деп жатпайбы. Анын пикиринде, 27 жылдын ичинде Кытай ушунчалык «тѳмѳн» тγшγп кетсе, ичээр суусу тγгѳнγптγр да.

Бирок бул жерде Трамп да, анын γгγтчγлѳрγ да бир нерсени эсине албай калган. Жарым жылдын ичинде Кытай менен соода салгылашуусунда 0,2 пайызга тѳмѳндѳп кетγγ – АКШ γчγн уят эле. Америкалык γгγтчγлѳр γчγн «0,2 пайыз» болсо, аң-сезимдγγ адистер γчγн «0,2 пайыз эле».

Ички дγң азыгы (ИДА) биринчи кварталда 6,5 пайызга ѳссѳ, буга чейинки жана кийинки пайыздар эмнеден эсептелинээрин экономисттер билет. 1992-жылы (27 жыл мурун) болгон кѳрγнγш жана 2019-жылдын биринчи жарымындагы кѳрγнγш – ар башка экономикалык кѳрсѳткγч. Баштапкы цифралар да ар тγрдγγ. Ошондуктан айрым учурда аз деген кѳптγ билдирет. Θндγрγлгѳн азыктарды пайыз эмес, абсолюттук сандарда эсептесе, темптин жай ѳсγшγ иш жγзγндѳ ылдам ѳсγγ болот. Бул эмне менен салыштырып жатканына байланыштуу.

Баса, Кытай ИДА 0,2 пайызга тѳмѳндѳп кетти деп америкалыктар кѳп деле кубанган жок. Бул статистика жарыкка чыккандан кийин дароо эле дγйнѳгѳ атагы чыккан McKinsey консультациялык компаниясынын «Кытай жана дγйнѳ: ѳзгѳрмѳ мамилелердин ички динамикасы» атуу баяндамасы жарык кѳрдγ.

Окуянын соңу

Тγшγнγγ γчγн ал баяндаманы толугу менен окуп чыгыш керек. Кыскача сγрѳттѳй кетсек, McKinsey аналитиктеринин бγтγмγ боюнча, кытай экономикасы импортко да, экспортко да кѳз каранды эмес. McKinsey айтымында, мурда Кытай башкалар γчγн ѳндγрсѳ, азыр ѳзγ γчγн иштеп калган.

Аналитиктер бул кѳрγнγштγ бая эле кѳзгѳ илишкен. 2007-жылы Кытай экспортко товарлардын 17 пайызын берсе, 2017-жылы – 9 пайыз гана, ал эми былтыр 7,1 пайыз гана берип калды.

Кытай статистикасы дγйнѳнγ дагы бир нерсе менен таң калтырды. Yстγбγздѳгγ жылдын биринчи жарымында Кытайда 7 миллиондон ашуун иш орундары ачылды. Кытайдын мамлекеттик статистика бюросу мындай дейт: «2019-жылдын биринчи жарымында Кытайдын шаар жана айылдарында 7,37 миллион иш оруну ачылган, бул жылдык пландын 67 пайызын тγзѳт». Жалпы жолунан быйыл Кытайда 11 миллион иш орунун ачуу пландаштырылууда. Былтыр Кытайда 13,62 миллион жаңы иш орундары ачылды – бул 2017-жылга салыштырмалуу 100 миңге кѳп.

Кытайлыктардын жеке кирешеси да биринчи жарым жылда 6,5 пайызга ѳсγп, бул экинчи кварталдагы экономикалык ѳсγγдѳн 0,2 пайызга жогору. Ал ами ички керектѳѳчγлѳргѳ ар тγрдγγ товарларды сатуу экономиканын темпин жалпы жолунан 9, пайызга озуп ѳттγ. Жѳн гана эске салып кетели – мындай кѳрγнγш саны боюнча эли АКШ, Европа союзу жана Орусиянын жалпы калкын бир алганда ашып тγшкѳн Кытайда болуп жатат.

Кандай бγтγмгѳ келебиз?

McKinsey баяндамасына таянсак, Кытайга эч кимдин деле кереги жоктой. Бирок, эмнегедир, азыр Кытай баарына керек болуп калды. Жогоруда аталган баяндамада Кытай менен соода алакасы бекем, же Кытай менен ѳндγрγшγ байланган, же Кытайдан инвестиция алган ѳлкѳлѳрдγн узун тизмеси берилген.

Кытай бийлиги экспорттон алыстап, ички керектѳѳчγлѳрдγн талабын аткарууга багыт алып жатат. Акыркы айлары КЭР экономикасын катуу колдоого алып жаткан кези. Керектѳѳнγ ѳстγрγγ чараларына курулуш долбоорлорун тездетγγ, айрым салыктарды жана банктардын милдеттγγ резервинин ченемдерин тѳмѳндѳтγγ кирет. Эми Кытайга АКШ менен болгон соода салгылашуусу коркунучсуз. Америкалыктар ал жѳнγндѳ эмне деп ойлосо да баары бир болуп калды.

Орусиялык чыгыш таануучу Алексей Маслов мындай деп жазат: «Экономикалык жагдай кѳрсѳтγп тургандай, айрым америкалык кытайлыктар γчγн Кытайдын ѳзγндѳ жайгашкан батыш корпорацияларында жашап, иштѳѳсγ ыңгайлуурак болуп калды. КЭРден чет ѳлкѳгѳ жакыр кызматкерлер кетпестен, абройлуу аткаминерлердин туугандары кетип, Европадан бизнес ачып, же болбосо абройлуу окуу жайларында билим алгысы келген студенттер гана кетип калды. XIX же XX-кылымдын башында орун алган миграция заманбап Кытайда жокко эсе».

АКШнын Кытайга болгон доосу тγшγнγктγγ эле. Трамп шайлоо алдында берген убадасын аткарышы керек. Бирок азыркы шартта ал убаданы аткаруу кыйынга туруп калды. Ошондуктан Кытай АКШ γчγн Орусиядай «ыңгайлуу душман» болуп калды. Америкалык гезит жана интернеттен кытайлыктарга жана орусиялыктарга каршы маалымат жарыялана берип, экономика жана социалдык маселелерди кѳтѳргѳн кооптуу суроолорду америкалык бийликке эч ким бере албай калды.

Замир Муратбек уулу