Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 26-октябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган.
[ads-quote-center cite=’дешти мекемеден.’]«Маркум болжол менен 35-40 жаштарда. Анын короодо жатканына болжол менен бир жарым айдай убакыт болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы тапта анын аты-жөнү такталууда. Денесинде көзгө көрүнөрлүк эч кандай күч колдонуу белгилери жок», — [/ads-quote-center]