Депутат ооруканага барып, абалына таң калганын айтты (видео)

Автор -

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев  баш калаадагы ооруканалардын абалы начар болуп жатканын айтты.

«Туугандарыбыз ооруканага түшүп калып, 10 күндөн бери ооруканада болуп калдым. Ооруканалар ыйлагыдай абалга жетип калыптыр. Премьер-министр, депутаттардын катышуусу менен жеринен барып таанышып келсек. Кардиологиялык оорукананы карагыла. Ымыркай балдар жатат болгону төрт койкада, эшикке чыксаң 25 ата-эне ыйлап турат. Шашылыш операция болуп атат, дагы төртөө кезек күтүп турат. Лифти үзүлүп, иштебей калып атат. Ушул абалга жетип калыптырбыз», — дейт Рыспаев.